Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Аксы районунун акими жумушун тапшыруу боюнча арыз жазды

Аксы району. Иллюстрациялык сүрөт.
Аксы району. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Ыманберди Досбаев жумуштан кетүү боюнча арыз жазды. Район акиминин орун басары Нуртаза Мамбетов «Азаттыкка» билдиргендей, аким ден соолугуна байланыштуу жумушун тапшырууну чечкен. 7-июлда өкмөт башчысынын атына арыз жазган, бирок азырынча буйрук чыга элек.

Ыманберди Досбаев былтыр март айында Аксы районуна аким болуп дайындалган. Ага чейин Жалал-Абаддын Чаткал, Токтогул райондорунда аким болуп иштеп, президенттик, өкмөттүк аппараттарда эмгектенген. (RsK)

XS
SM
MD
LG