Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Стамбулда кыргызстандык жигит камакка алынды


Стамбул. Айя-София музейи.
Стамбул. Айя-София музейи.

8-июлда 21 жаштагы кыргызстандык А.И. Стамбул шаарынын Бейликдүзү аймагында жол кырсыгына себепкер болгонун жергиликтүү «Ихлас» кабар агенттиги маалымдады.

А.И.нин айдаган машинасы жолдон чыгып, жолдун жээгинде бараткан эки жаш кызды сүзгөн. Кырсыктан эки кыз мүрт кеткен.

Стамбул полиция департаменти окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, кыргызстандык А.И.ни суракка алган. Медициналык текшерүүдө кыргызстандык жигит мас абалында болгону аныкталган.

Эки кишинин каза болушуна себеп болгон окуя боюнча Стамбул шаардык прокуратурасы тергөө ишин баштаган. Ал эми кыргызстандык А.И. камакка алынганы кабарланды.

Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда иштешет. (ElB)

XS
SM
MD
LG