Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Өзбекстанда мечиттер 1-августка чейин жабылат


Өзбекстанда «Асака» мечити.
Өзбекстанда «Асака» мечити.

Өзбекстанда коронавирус кайра күч алгандыктан мечиттер сыяктуу диний жайлар 1-августка чейин жабылат. Мындай чечимди Дин иштери боюнча комитет кабыл алганын Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык комиссиясы кабарлады.

Өзбекстанда март айында карантин киргизилгенде мечиттердин басымдуу бөлүгү жабылган болчу. Бирок коронавирус жайылбаган «жашыл аймактарда» диний жайлар 8-июндан тартып кайра иштей баштаган.

Өзбек өкмөтү вирусту жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү үчүн 10-июлдан тартып 1-августка чейин карантин чараларын кайталап күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Коронавируска каршы республикалык комиссиянын өкүлү Хабибулла Акилов бир күн мурдагы брифингде күнүнө вирусту жугузуп алган бир миң киши катталып турса, өлкөнүн саламаттык сактоо системасы «толугу менен кыйрайт» деп билдирди.

Расмий маалымат боюнча, азыр өлкөдө күнүнө 300-350дөй адамдан коронавирус чыгып жатат. Акилов ооруканалар толуп калганын, лабораториялар анализдерди текшерүүгө үлгүрбөй жатышканын, тесттерин күткүчө айрымдар вирусту башкаларга жугузуп жатканын белгиледи.

Бейшембидеги маалымат боюнча коншу өлкөдө коронавирус диагнозу коюлган 11 259 киши катталды. 7060 киши айыкты, 47 бейтап илдеттен каза болду.

XS
SM
MD
LG