Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кыян жүрүп, Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол автожолунун бир тилкесин жууп кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондун акими Данияр Арпачиев билдирди.
Анын айтымында, кыян бүгүн саат 12:00 чамасында жолдун 64-75-чакырымдарында жүрдү.
«Автоунаа жүрүүчү негизги жолго агып келген кум-шагыл толуп, жол кыймылына бир аз тоскоолдук кылды. Асфальт жолдун четин суу жеп кетти, азыр бир машиненин өтүшүнө шарт бар. Жеринде райондук жол тейлөө кызматы оор техника менен иштеп жатат», - деди аким.
Кыян ошондой эле Кажы-Сай жана Тоң айылдарынын ортосунда жүргөн, ал жерде да жолду тазалоо иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсыкка жаандан кийин топтолгон суу себеп болгон. Окуя Кызыл-Туу айылына караштуу аймакта болду. (KS)