Казакстанда соңку бир күндө 1962 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Жаңы катталган бейтаптардын 1209унда COVID-19дун симптомдору байкалбаганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ушуну менен коңшу өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке кабылгандардын жалпы саны 53 миңден ашты.
Вирусту жугузуп алгандардын үчтөн бир бөлүгү же 6814 адам өлкөнүн батышындагы Каспийди бойлой жайгашкан Атырау облусуна туура келет. Бир күн мурда бул облус коронавируска чалдыккандардын саны боюнча баш калаа Нур-Султандан (6177 бейтап) ашып өтсө, бүгүн Алматыны (6678 бейтап) да артка калтырып, биринчи орунга чыкты.
Расмий маалымат боюнча Казакстанда 260тан ашуун адам COVID-19дан каза тапты. Буга чейин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дагы 100дөн ашуун кишинин анализинен коронавирус табылса да, «башка оорудан каза болгонун» билдирген. Эркин эксперттер өлгөндөрдүн чыныгы саны расмий айтылгандан алда канча көп экенин билдирип жатышат.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду COVID-19дан каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыялады.