10-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус болот.