Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:01

Сеулдун мэри Пак Вонсундун дайыны чыкпай жатат


Сеулда мэрди издөөгө куткаруучулардын ири тобу тартылды. 9-июль, 2020-жыл.

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулдун мэри Пак Вонсун дайынсыз жоголду. Бул тууралуу «Associated Press» кабар агенттиги баштаган бир катар эл аралык маалымат каражаттары жазды. Учурда Кореяда мэрди издөө иши жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, бүгүн Пак Вонсун кызына аудио билдирүү жөнөткөн. Кызы «керээз болушу мүмкүн» деп мүнөздөлүп жаткан бул билдирүүнү алгандан 4-5 сааттан өткөндөн кийин полицияга кайрылган.

Полиция билдиргендей, акыркы жолу мэрдин телефону Сеулдун Сунбук конушундагы чакан дөбөдөн сигнал берген. Азыр мобилдик жабдык өчүк болуп жатат.

10 миллиондой адам жашаган Сеулда соңку жумаларда коронавирус көбөйө түштү. Түштүк Корея май айынын башында COVID-19 илдети ооздукталып калганын билдирип, карантин чараларын жумшарткан болчу.

XS
SM
MD
LG