Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

АКШ кытайлык төрт аткаминерге санкция салды


Шинжаңдын Кашкар шаары. 4-ноябрь, 2017-жыл.
Шинжаңдын Кашкар шаары. 4-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына каршы «үрөй учурган» укук бузуу үчүн Кытайдын жогорку даражалуу төрт расмий өкүлүнө санкция салды. Мындай маалымат 9-июлда Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Кытайдын Шинжаң аймагынын губернатору Чэн Цюаньгого, аймактын саясий жана юридикалык комитетинин мурдагы башчысы Зу Хайлунга, коопсуздук тармагын тескеген жетекчиси Ван Мингшэнге жана Шинжаңдын коопсуздугун көзөмөлдөгөн мурдагы жетекчиси Хуо Лучюнга Кошмо Штаттарга виза берилбейт. Алардын АКШдагы мүлкү да камакка коюлат.

«Кытайдын Коммунисттик партиясы Шинжаңдагы уйгурлардын, казактардын жана башка аз улуттардын укугун бузуп жатканда АКШ кол куушуруп отурбайт», - деп билдирди 9-июлда мамлекеттик катчы Майк Помпео.

Ал Кытай Шинжаң аймагынын тургундарын эмгекке мажбурлап, негизсиз кармап, калктын санын күчтөп көзөмөлдөп, алардын маданиятын жана мусулмандардын ишенимин жок кылууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу ислам динин карманган улуттарды «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз кармап турганын билдирип келет. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып, бийликке кайрылышкан.

Бирок Кытайдын жетекчилиги Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG