Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:54

БШК саясий партияларды кайрымдуулук иштерин штаб аркылуу жүргүзүүгө чакырды


Кыргызстан. 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.
Кыргызстан. 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган саясий партияларга кайрылды. Анда партияларга кайрымдуулук иштерине байланыштуу мыйзам бузуудан оолак болууга чакырык ташталган.

БШКнын кайрылуусунда кайрымдуулук иштери, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүү, анын ичинде ыктыярдуу иштер шайлоо өнөктүгүнүн талаптарын бузушу мүмкүн экени айтылат.

БШК Кыргызстандагы акыркы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу элге жардам берүүгө ниеттенген саясий партияларды республикалык штаб же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн штаб аркылуу жардам көрсөтүүгө чакырган.

Президенттин жарлыгы менен парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

БШК 9-июлда партиялардан документ кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын жарыялаган. Ага ылайык, кезектеги парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирген.

Мыйзам боюнча, эми алардын документтерин текшерип, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жараяны жүрөт. Андан кийин каттоого алынган партиялар шайлоо фондун ачып, күрөө коюп башташы керек болот. Кийинки жараян - курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүү.

БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан 259 саясий партия бар.

120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоого 2010-жылы 28, ал эми 2015-жылы 14 партия катышкан.

XS
SM
MD
LG