Бүгүн, 10-июлда Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак менен 192 кыргызстандык жаран учуп келди. Алардын арасында жаш балдар да бар.
26-июнда кабыл алынган чечимге ылайык, чет жактан кайтып келгендер эгер оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет, ал эми оорусу байкалгандар дарыланууга жөнөтүлөт же ооруканага жаткырылат.
Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта Сауд Арабиясынан ажылыктан кайткан адамдардан табылган. Ошондон кийин чек аралар жабылып, аэропортко конгон ар бир учактын жүргүнчүлөрү дароо обсервацияга алынып жаткан. Кийин вирус көбүнчө Орусиядан кайткан мигранттардан табылып жатты.
Март айынан бери учак жана автоунаа менен 38 өлкөдөн 22 миңге чукул кыргызстандык мекенине кайтып келди.
Бүгүнкү күндө COVID-19га чалдыккандардын саны тогуз миңден ашты.
10-июлга карата коронавирустан 122, пневмониядан 256 бейтап кайтыш болду. (ZKo)