Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова суракка чакырылды


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коррупцияга жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөө фактысына байланыштуу иш боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 9-июлда маалымдады.

Финпол ошондой эле коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгына иштөө фактысы боюнча иш бирдиктүү реестрге март айында катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошонун негизинде тергөө жүрүп жатат.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ал Финполго суракка саат 14:00гө чакырылган.

«Мага суракка чакырылганым тууралуу маалымдама кагазды кечээ берип кетишти. Кандай маселе тууралуу чакырылганым жөнүндө айтылган жок. Мен өзүм да март айындагы коррупциялык иштерге жана фармкомпаниялардын кызыкчылыгына иштөө фактысы боюнча сурак болорун маалымат каражаттары аркылуу билдим», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Финпол коррупцияга жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөө фактысына байланыштуу иш боюнча 6-июль күнү мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди да суракка алган. Мурдагы министр өзүнө карата коюлуп жаткан дооматтарга комментарий бере элек.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1-апрелде кызматтарынан бошотулган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматтан кеткен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөштө бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеп, алардын штаб түзүлгөндөн берки ишин сындаган.

Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы ыкчам штаб жугуштуу илдетти өлкө аймагына киргизбөө, жайылышын ооздуктоо багытында өз убагында чара көргөн эмес деп эсептеген.

Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги отурумунда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен кошо «өз учурунда зарыл каражаттарды сатып алууга каржы бөлбөгөн» финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын, дарыгерлерге жасаган басымы үчүн УКМК жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин, ошондой эле мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин да жоопкерчилигин кароону сунуш кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG