Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Президенттин басма сөз кызматы видео кайрылууну эмнеге жаңылап жарыялаганын түшүндүрдү


Президент Сооронбай Жээнбековдун «YouTube» каналына жарыялангандан кийин өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн видеосу социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып жатат.

9-июлда президенттин өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу кайрылуусу жарыяланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдындагы like белгисине караганда dislike көбөйүп жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап жатышты.

Болжол менен он саттан кийин, жактырган белгилер 300дөн, ал эми жактырбаган белгилер төрт миңден ашканда видео сайттан алынган.

Бир аздан кийин видео like/dislike белгилери жашырылып, комментарий калтыруу жагы өчүрүлүп, кайра жүктөлдү.

Президенттин басма сөз кызматы 10-июлда бул тууралуу расмий комментарий берип, баштапкы видеонун өчүрүлүшүн фейк аккаунттардын деструктивдүү комментарийлери менен түшүндүрдү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Наргиза Мансурова «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү айтты:

«Видеонун астына абдан көп деструктивдүү мүнөздөгү комментарийлер, анын ичинде аймак аралык ажырымды козуткан, адамдын ар-намысына шек келтирген комментарийлердин көбү фейк аккаунттардан жазылгандыктан, видеону өчүрүп салуу жана комментарий калтыруу функциясыз кайра жүктөө тууралуу чечим кабыл алынды».

Мансурова бул видео президенттин сайтында, «Фейсбуктагы» расмий баракчасында жана башка тармактарда да жайгашканын кошумчалады.

«YouTube» сайтындагы «Президент КР» деген алты миңдей колдонуучусу бар каналга мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун кайрылуулары, ал катышкан иш-чаралар тууралуу видеолор коюлат.

9-июлдагы видеосу өчүрүлгөнгө чейин аны 27 миңдей адам көрдү, 300дөн ашуун комментарий түштү.

Өз кайрылуусунда Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөштүн ийгилиги элдин биримдигинен көз каранды экенин белгилеп, жакынын жоготкондорго көңүл айткан жана дарыгерлерге таазимин билдирген болчу.

Кыргызстанда соңку эки аптада эпидемиологиялык абал курч болууда. Акыркы статистикалык маалыматка караганда коронавирустан каза болгондордун саны 122 кишиге, пневмониядан каза болгондордун саны 350 адамга жетти. Коронавируска кабылгандар 9358 киши, өпкөсү кагынгандар (пневмония) 3829 адам болду. (RK)

XS
SM
MD
LG