Ошто бейтаптарга акысыз медициналык кеңеш берүү борбору ачылды. Бейтаптарга медициналык кеңештер онлайн түрүндө берилет. Онлайн кеңеш берүү борборунун демилгечиси – Жаш ишкерлер ассоциациясынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү. Өкүлчүлүктүн жетекчиси Аззамбек Жээнбаев «Азаттыкка» билдиргендей, медициналык кеңештерди адис дарыгерлер беришет:
«Саламаттыгынын коопсуздугу үчүн жумуштан убактылуу бошотулган, жашы 60тан ашып калган бир нече адис дарыгер менен сүйлөштүк. Алар терапевт, пульмонолог, эндокринолог адистер. Биз алардын ар бирин өзүнчө иш бөлмө, коргонуучу каражаттар жана телефон менен камсыздап беребиз. Алар телефон аркылуу, «WatsApp» аркылуу кайрылган адамдарга медициналык кеп-кеңеш берип, үйдөн туура дарыланып, режимди туура сактоого үйрөтүшөт», - деди ал.
Жээнбаевдин айтымында, муну менен учурда ооруп, бирок ооруканага кайрыла албай жаткан адамдар онлайн болсо да медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
«Азаттык» АКШда бейтаптарга онлайн медициналык кеңеш берүү аркылуу алардын туура, өз учурунда дарыланышына шарт түзүп, адамдардын өмүрүн сактап калууга өбөлгө болушкан кыргызстандык дарыгер жубайлар тууралуу жазган. (ZKo)
Онлайн медициналык кеңеш берүүчү адистерге байланыштуу телефон номерлери:
0552 118 119
0502 118 119
0772 118 119