Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:40

Министрлик: Пневмония болгондор быйыл былтыркыдан эки эсе көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл пневмониядан каза болгондор былтыркыдан дээрлик эки эсе көп. Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Айнура Акматова 10-июлда Коронавируска каршы ыкчам штабдын онлайн брифингинде билдиргендей, былтыр жылдын алгачкы алты айында бул илдеттен 318 бейтап кайтыш болгон.

Быйыл коронавирус эпидемиясы башталган 3,5 айдан бери пневмониядан көз жумгандардын саны 10-июлга карата 350 адам болду.

Эпидемия башталганын бийлик март айынын соңунда жарыялаган. Ошондон бери пневмония деген диагноз 3829 адамга коюлду. Канча бейтап айыгып чыкканы тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Коронавирус жалпысынан 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.

Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустун статистикасын өз-өзүнчө карап келатат.

Июнь айынын соңунда Бишкекте ооруканада орун жок болгондуктан деми кысылып жаткандардын айрымдары реанимацияга жетпей, клиниканын кире беришинде каза болушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG