Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

11-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

11-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.

XS
SM
MD
LG