Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Тажик бийлиги сабалган журналистти коргоодон баш тартты


Абдулло Гурбати.
Абдулло Гурбати.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбатини мамлекеттик коргоого алуудан баш тартты.

Май айында эки жолу кол салууга кабылган журналистти мамлекеттик коргоого алуу тууралуу өтүнүч менен адвокат Абдурахмон Шарипов ИИМге кайрылган.

Мекеменин тергөө башкармалыгынын 10-июлда адвокатка жиберген жообунда жабырлануучуну коргоого алууга «негиздүү себептер жок экени» жазылган.

Адвокат Абдурахмон Шарипов журналист алгачкы жолу кол салууга кабылгандан кийин ИИМге расмий түрдө кайрылып, белгисиз адамдар ага телефон чалып, коркутуп жатканын билдирген. Гурбати 17-майда «Азаттык» радиосунун тажик кызматына берген маегинде ага телефон чалган кишилер камакка алынмайынча, анын өмүрү коркунучта болорун айткан.

«Азия-Плюс» маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбати май айында эки жолу кол салууга кабылган. 11-майда Дүйшөмбү шаарында аны беткапчан эки киши сабап кеткен. 29-майда журналист Хуросон районундагы селдин кесепеттери тууралуу сюжет тартып жүргөндө үч киши аны кемсинтип, бир нече жолу уруп жиберишкен.

Журналистке биринчи кол салгандардын ким экени дале белгисиз. Экинчи кол салуу боюнча Хуросон райондук соту жергиликтүү үч тургунду күнөөлүү деп таап, ар бирин 580 сомони (57 доллар) өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирген.

15 коомдук уюм жана журналисттердин тобу Гурбатиге кол салгандардын иши «Майда бейбаштык» беренеси боюнча тергелип, сот айып төлөтүү менен гана чектелгенине нааразы болушкан.

XS
SM
MD
LG