Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Куршабда жардам сураган дарыгер кызматтан төмөндөтүлдү


Бишкектеги дарыгерлер.
Бишкектеги дарыгерлер.

Өзгөн районуна караштуу Куршаб ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Гүлмира Өмүржанова видео кайрылуу таратып, жардам сураганы үчүн кызматынан төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Куршаб ооруканасынын жетекчисинин орун басары Тургунбай Кадыров билдирди. Анын айтымында дарыгер жамаат менен кеңешпей, туура эмес маалымат тараткан.

«Кызмат орду төмөндөтүлүп, тогузунчу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы болуп дайындалды. Бизде ички тартип бар да. Чындыкты айткан күндө деле биринчи администрациядан макулдук алып, андан кийин кайрылышы керек да»,- деди Кадыров.

Дарыгердин жардам сураган видео кайрылуусу 8-июль күнү Интернетте тараган. Анда дарыгер өздүк коргонуучу каражаттардан ИВЛдерге чейин жетпей тургандыгын тизмектеп айтып берген.

Куршабдагы оорукананын дарыгерлеринин кайым айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Өлкө боюнча коронавирус жалпысынан 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти. COVID-19 жуктургандардын 948и Ош шаарынан, 636сы Ош облусунан аныкталган. (DU)

XS
SM
MD
LG