Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

БШК: Партиялар талапкерлердин тизмесин 20-августка чейин тапшырышы керек


Кыргызстандагы шайлоо. (архивдик сурөт).
Кыргызстандагы шайлоо. (архивдик сурөт).

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын мындан аркы аракеттерине байланыштуу маалымат таратты. Анда көрсөтүлгөнгө караганда саясий партиялар 20-августка чейин БШКга талапкерлердин тизмесин, 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек.

БШК талапкерлердин тизмесин 4-сентябрга чейин текшерип, анын жыйынтыгына жараша партияны шайлоого талапкер катары каттайт.

БШК ошондой эле саясий партиялар алдыдагы бир жарым ай ичинде курултайларын өткөрүү зарылдыгын белгилеп, аларды эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, онлайн форматында же санитардык эрежелерди бекем сактоо жолу аркылуу уюштурууну партияларга сунуш кылды.

Кыргызстанда 250дөн ашык саясий партия бар. Алардын ичинен 44 партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга өкүлдөрүн каттатты.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев баштаган оппозициядагы депутаттар учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөчө абал киргизүү аркылуу шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну сунушташты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо президент Сооронбай Жээнбековдун 3-июлда чыгарган жардыгына ылайык 4-октябрда өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG