Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы өлкөнүн тынчтыгы, ооруп жаткан адамдардын сакайып кетиши үчүн курмандык чалып, түлөө өткөрдү. Түлөө Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте уюштурулду. Анда COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына жана андан каза болгон бейтаптардын арбагына багышталып куран окутулду.
Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлагандай, түлөөгө муфтий Максатбек ажы Токтомушев, анын орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышты.
Маалыматта: «Муфтий өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан, ар кандай балээ-апааттардан сактап, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн баса белгилеп, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетишин Жараткан Алла-Тааладан тилеп дуба кылды», деп жазылган.
Түлөөгө союлган бодо малдын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Муфтият мындай түлөө облустук бардык казыяттарда өткөрүлүп жатканын кабарлады.
10-июлга карата Кыргызстанда 511 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Жалпысынан 18-марттан бери коронавирус жуккандар 9,5 миң адамга жакындады. 3134 адам оорудан айыгып чыкты. 122 киши вирус жугузуп алгандан кийин көз жумду.
Пневмонияга кабылган 3829 адамдын 350сү каза тапты, сакайып кеткендер тууралуу маалымат бериле элек. (ZKo)