Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

АКШ: коронавируска каршы күрөштүн эң оор баскычына жеттик


Энтони Фаучи.
Энтони Фаучи.

АКШнын инфекциялык оорулар боюнча башкы дарыгери Кошмо Штаттар коронавируска каршы күрөштүн эң оор баскычына жеткенин билдирди. Бул өлкөдө соңку бир күндө оору дагы 65 миңден ашык адамдан табылып, дарттан миңден ашуун бейтап көз жумду. Бул пандемия убагындагы кезектеги эң чоң сандык көрсөткүч.

Ушул тушта АКШнын 51 штатынын 41инде оорунун жайылышы күчөп жатат. Калифорния, Техас жана Флорида өңдүү эл жыш жашаган штаттарда абал оор. Ооруканаларга бейтаптар батпай калды, губернаторлор карантинди жумшартуу пландарын токтотту.

Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун башчысы Энтони Фаучи айрым штаттар карантин чараларын эртелеп жумшартып жибергенин белгиледи. Ал оорунун жайылышын басаңдаткан эң жөнөкөй чаралар сакталышы керек экенин эскертти:

«Биз беткап кийүү, аралыкты сактоо жана адамдардын топтолушуна жол бербөө сыңары чаралар иштей турганын билебиз жана аларды жасоо колдон келет. Мен федералдык өкмөттүн авторитардык өкүлү болгум келбейт, бирок жергиликтүү деңгээлде губернаторлор жана башка бийлик өкүлдөрү оору жайылып баратканда беткап кийүүгө милдеттендирсе маанилүү болмок».

АКШда жалпысынан 3,2 миллиондон көп киши коронавирус жугузуп алды. Илдеттен 133 миңдең ашык бейтап көз жумду. Президент Дональд Трамп COVID-19ду жуктуруп алгандардын көптүгүн тест менен байланыштырып келет. Ал 9-июлда «Твиттердеги» баракчасына башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кошмо Штаттарда тест алуу абдан жакшы жолго коюлганын жазды.

XS
SM
MD
LG