Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Стамбулдагы Айя-Софияны мечитке айландыруу боюнча чечим чыкты


Айя-София музейи.
Айя-София музейи.

Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 10-июлда чыгарган чечими менен Стамбулдагы атактуу Айя-София музейи мечит катары элге ачылары жарыяланды.

Ошондой эле Мамлекеттик кеңеш 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-Софияны мечиттен музейге айлантуу тууралуу чечимди жокко чыгарганын жана мындан кийин Айя-София имараты Фатих Султан Мехмет Хан фондуна таандык болгонун кабарлады.

1453-жылы Султан Мехмет II башында турган осмон түрктөрү Константинополду каратып алгандан кийин Айя-София мечитке айланган. Ошондой эле мурдагы чиркөөнүн төрт тарабына төрт мунара тургузулган. Осмон империясынын тушунда дээрлик беш кылым бою Айя-София мечити мусулмандар үчүн Меккедеги Каабадан кийинки эле экинчи ыйык жай болуп турган.

Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган.

Христиандарга жана мусулмандарга таандык элементтер ушул күнгө чейин сакталып калган бул жай 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Жыл сайын бул архитектуралык эстеликти көрүш үчүн миллиондогон туристтер Стамбулга келишет. Шаар жетекчилигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы эле бул жайга 3,7 миллион зыяратчы келген. (ElB)

XS
SM
MD
LG