Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Бишкектеги эки көлмө убактылуу жабылды


Бишкектеги жайында эс алуучуларды кабыл алчу эки көлмө убактылуу жабылды. Бул тууралуу 10-июлда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, эпидемиологиялык абал турукташканча Пионер жана Комсомол көлмөлөрүнө түшүүгө уруксат болбойт.

Свердлов райондук акимчилиги алардын тегерегине тыюу салган белгилерди орнотуп, кулактандырууларды илип койду.

Кыргызстанда март айынан бери COVID-19 диагнозу 9358 адамга, пневмония 3829 адамга коюлду. Коронавирустан 122, пневмониядан 350 бейтап каза болду.

Коронавирус жуккандардын 4127си Бишкек шаарында. Борбор калаада каза болгондордун саны 37 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG