Белгилүү диниятчы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 45 жашында 11-июлга оогон түнү илдеттен каза болду. Чубак ажы Жалилов Бишкектеги улуттук госпиталга жеткирилгенден бир сааттан кийин көз жумган. Бул тууралуу бейтапты кабыл алган дарыгерлер “Азаттыкка” билдиришти.
Жакындарынын маалыматына караганда бейтап ага чейин өпкөсүнөн кагынып үйүндө дарыланып жаткан.
Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Арабиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.
2005--2007-жылдары ал Борбордук Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болгон. Ислам университетинде сабак берген.
2010--2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Өткөн айда дин башкармалыгынын алдындагы аалымдар кеңешинен мүчөлүктөн чыгуу тууралуу арыз жазган. Муну айрым талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары баруу ыктымалдыгы менен байланыштырышкан.
Жакындарынын маалыматына караганда, Чубак ажы Жалиловдун сөөгү бүгүн, 11-июлда коопсуздук эрежелерин сактоо менен туулган жерине коюлат.