Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

11-июль: пневмониядан 32, коронавирустан үч адам кайтыш болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан үч, пневмониядан 32 бейтап каза болду. Бул тууралуу 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жаткан 65 жана 51 жаштагы, Лейлек аймактык ооруканасынан 44 жаштагы эркек бейтаптар көз жумду. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 125 кишиге жетти.

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын сегизи Бишкекте, калгандары аймактарда. Март айынан бери бул оорудан каза болгондордун жалпы саны – 382 адам.

Акыркы сутка ичинде 2767 адамдан коронавируска анализ алынып, анын 552синен илдет аныкталды. Алардын 314ү Бишкек шаарында, 124ү Чүй облусунда, 24ү Ош шаарында, 13 Ош облусунда, 26сы Жалал-Абад облусунда, 28и Баткен облусунда, алтоо Ысык-Көл облусунда, 17си Нарын облусунда.

Коронавирус жалпы жонунан 9910 адамдан табылды, алардын ичинен 125 бейтап кайтыш болду, 3236 бейтап айыгып кетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG