11-июлда өлкө боюнча 79 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Алардын 20сы Бишкек шаарында, 34ү Чүй облусунда, сегизи Ош шаарында, үчөө Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда, алтоо Баткен облусунда, бешөө Нарын облусунда. Ал эми акыркы бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 1529 медициналык кызматкер катталган. Анын ичинен 546 медкызматкер стационардан айыгып чыккан. Буга чейин өлгөндөрдүн расмий саны алтоо экени кабарланган. 11-июлда каза болгон медкызматкерлердин саны айтылган жок.
Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. (TSh)