Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Орусияда жасалма кыргыз паспорту менен жүргөндөр аныкталды


ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү аныктаган жасалма айдоочулук күбөлүк.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жасалма кыргыз документтери менен жүргөн башка өлкөнүн жарандары аныкталганын маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн 35 жаштагы жараны Орусияда жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөн. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин 30 жаштагы жараны да кыргыз паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуп жүргөнү аныкталды.

Мындан сырткары Орусияда Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну жасалма айдоочулук күбөлүк, Баткен облусунун 48 жаштагы тургуну жасалма паспорт, Ош облусунун 25 жаштагы тургуну жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонуп жүргөнү аныкталган. Жогорудагы документтер Кыргызстанда расмий орган тарабынан берилген эмес. Милиция алар эмгек мигранттары экенин белгиледи. Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарын документтерди расмий органдардан алууга чакырат. Жасалма документ менен кармалгандар жазага тартыларын эскертет. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жасалма документтер боюнча маалыматтарды +7 (926) 890-87-00 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат. (TSh)

XS
SM
MD
LG