Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Хабаровскиде губернатордун камалышына каршы ири акция өттү


Хабаровскинин губернатору Сергей Фургалды колдогон акциянын катышуучусу. 11-апрель, 2020-жыл. Хабаровск.
Хабаровскинин губернатору Сергей Фургалды колдогон акциянын катышуучусу. 11-апрель, 2020-жыл. Хабаровск.

Орусиянын Хабаровск шаарында аталган аймактын губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы ири нааразылык жыйыны өттү.

Ага ар кандай эсеп менен беш миңден 35 миңге чейинки сандагы киши катышты. Ушундай эле акциялар Комсомольск-на-Амуре, Эльбан, Солнечный жана башка шаарларда уюштурулду. Бул - Орусиянын Ыраакы Чыгыш чөлкөмүндөгү соңку бир нече жылдан бери өткөн биринчи ири нааразылык иш-чарасы.

Демонстранттар «Мен/Биз Сергей Фургал», «Фургалга эркиндик», «Ал талап-тоноого жол берген эмес» деген ураандарды чакырып жатышты.

Аларга С.Фургалдын орун басары жана маалымат катчысы чыгып, жолугушту. Демонстранттар губернаторду колдогон петицияга кол коюшту.

Акцияга полиция кызматкерлери жана Росгвардиянын өкүлдөрү көз салып турушту. Катышуучуларды кармоо аракети болгон жок.

Фургал 9-июлда Хабаровскиде кармалып, кийинки күнү Москва соту аны камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эки адамды өлтүрүүнү уюштурган, адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шекке кабылып жатат.

Саясатчы Фургал -- бийликтеги «Единая Россия» партиясына мүчө эмес аз сандагы губернаторлордун бири. Ал өзү -- ЛДПР партиясынан. Фургал бул кызматка 2018-жылы киришкен болчу.

XS
SM
MD
LG