Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

АКШда коронавирус бир суткада 63 миң адамдан табылды


Тест алып атып чарчаган медкызматкер. Хьюстон шаары. 7-июль, 2020-жыл.
Тест алып атып чарчаган медкызматкер. Хьюстон шаары. 7-июль, 2020-жыл.

Кошмо Штаттарда соңку бир суткада 63 миңден көп кишиден коронавирус аныкталды. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык бул мамлекетте аталган илдетке кабылгандардын саны 3,1 миллиондон ашты. 134 миңден ашуун адам каза тапты.

Адистер жакынкы күндөрү оорудан өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышат. Президент Дональд Трамп коронавируска кабылгандардын көбөйүшүн жапырт тесттен өткөрүүнүн өсүшүнө байланыштырууда. Башкалар карантинден кийин коомдук жайлардын ачылышынан көрүшүүдө.

Трамп 11-июлда Нью-Гемпшир штатында өтө турган шайлоо кампаниясын 1-2 жума кийинкиге жылдырды. Бирок бул аймакка жакындап келаткан катуу шамалга байланыштуу жылдырылганы маалымдалды.

АКШдан кийинки орунда Бразилия турат. Соңку 24 саат ичинде бул өлкөдө коронавирусту 45 миң адам жуктуруп, 1200 адам андан каза тапты. Инфекцияга кабылгандардын жалпы саны 1,8 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG