Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Министрлик: Чубак ажы Жалилов ооруканага оор абалда келген


Чубак ажы Жалилов. 10.11.2011.
Чубак ажы Жалилов. 10.11.2011.

Саламаттык сактоо министрлиги "диниятчы Чубак ажы Жалиловду Бишкектеги Улуттук госпитал кабыл албай койгон" деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.

Министрликтин маалымдашынча, Чубак ажы Жалилов 10-июлда түнкү саат 12 чамасында ооруканага оор абалда келген. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай бейтап 11-июлда түнү саат үчтөрдө көз жумган.

Буга чейин жакындары бейтап ага чейин өпкөсүнөн кагынып, үйүндө дарыланып жатканын маалымдашкан.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Арабиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

2005--2007-жылдары ал Борбордук Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болгон. Ислам университетинде сабак берген.

2010--2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Өткөн айда дин башкармалыгынын алдындагы аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу тууралуу арыз жазган. Муну айрым талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары баруу ыктымалдыгы менен байланыштырышкан.

Жакындарынын маалыматына караганда, Чубак ажы Жалиловдун сөөгү бүгүн, 11-июлда, коопсуздук эрежелерин сактоо менен туулган жерине коюлат. (TSh)

XS
SM
MD
LG