Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Сребреница курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өткөн жок


Сребреница кыргынында курман болгондорго куран окулуп жатат. 11-июль, 2020-жыл.
Сребреница кыргынында курман болгондорго куран окулуп жатат. 11-июль, 2020-жыл.

Босния жана Герцеговинада Сребреница кыргынынын 25 жылдыгына арналган негизги иш-чаралар пандемияга байланыштуу өткөн жок.

1995-жылдын июль айында Босния сербдери Сребреница шаарында cегиз миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган.

1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндөгү босниялык мусулман эркектердин жапырт өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

Эл аралык соттор бул окуяны геноцид катары таанышкан, бирок сербиялык жана босниялык сербдер муну четке кагып келишет.

Жылда 11-июль күнү кыргында курман болгондорду эскерүү үчүн Поточари мемориалдык комплексине миңдеген адам чогулчу. Быйыл ал жерде өтө турган иш-чарага чет жактан көп коноктор, алардын ичинде Британиянын ханзаадасы Чарльз дагы катышмак. Пандемиядан улам иш-чаралар токтотулду.

Поточариге 6 640дөй адамдын сөөгү коюлган. Миңдей адам ушул күнгө чейин дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.

XS
SM
MD
LG