Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Бишкектин тургунун үйүнөн өлтүрүп кетишти


Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына 11-июлда саат таңкы 5:30 чамаларында Нарвская көчөсүндөгү үйдүн жашоочусу каракталганы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-оперативдүү тобу келип, Л.Ф аттуу жарандан жазуу түрүндө арыз алышкан. Милициянын маалыматына ылайык, арызда ал жаран 11-июлда саат таңкы төрт чамаларында 20-30 жаштагы белгисиз кишилер үйдүн 1-кабатындагы терезени талкалап кирип, күч колдонуп анын, Д.Б аттуу күйөөсүнүн колун байлап баштыктагы жана 2-кабаттагы сейфтеги акчасын алып кетишкен. Арыз жазган аялдын күйөөсү карактоонун кесепетинен көз жумган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (“Карактоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда каракталган акчанын суммасы такталып жатат. Ал эми кылмышка шектүүлөрдү тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер уланууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG