Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Белградда демонстранттар күч менен таркатылды


Полиция кызматкерлери өкмөткө каршы демонстрацияга чыккандарды күч менен таркатып жатат. 10-июль, 2020-жыл. Белград.
Полиция кызматкерлери өкмөткө каршы демонстрацияга чыккандарды күч менен таркатып жатат. 10-июль, 2020-жыл. Белград.

Сербиянын баш калаасы Белградда өкмөткө каршы демонстрацияга чогулгандарды таркатуу үчүн полиция жаш чыгарчу газ колдонду. Акциянын катышуучулары төртүнчү түнү катары менен парламенттин алдына чыгышып, бийликтин кызматтан кетишин талап кылышты. Толкундоолордун башталышына президент Александр Вучичтин катаал карантин киргизүү тууралуу чечими түрткү болду.

Бийлик бул кадамынан баш тартса дагы, демонстрациялар токтогон жок. Вучич парламенттин алдындагы башаламандыкты уюштурган «башкесерлер» жеңилерин, алардын көбү камаларын жана жасаган кылмыштары үчүн жооп берерин билдирди.

Демонстрациялар Сербиядагы экинчи чоң шаар Нови-Садеде дагы уланды. Ал жакта көчөгө чыккандар баш калаага барчу кан жолду убактылуу бууп салышты.

Сербияда пандемиядан улам карантин март айында киргизилип, майда токтотулган. Өлкөдө 21-июнда парламенттик шайлоо өтүп, президенттин партиясы 60% добуш менен жеңген. Шайлоодон кийин эпидемиологиялык абал кескин начарлай баштаган жана буга байланыштуу коомчулукта бийликке доомат күчөгөн.

10-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, соңку бир суткада коронавирустан 18 киши каза тапты. Жалпы өлкө боюнча 17 миң киши бул илдетти жуктуруп алды.

XS
SM
MD
LG