Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Орус православ чиркөөсүнүн епискобу Жалиловдун көз жумганына байланыштуу мусулмандарга көңүл айтты


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Бишкек жана Кыргызстан орус православ чиркөөсүнүн епархиясынын епискобу Даниил Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушевге диниятчы Чубак ажы Жалиловдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү.

Катта епископ Даниил кыргызстандыктардын кайгысын тең бөлүшөрүн жазган. Чубак ажы Жалилов Орто Азияда ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда барандуу салымын кошконун белгилеген.

Казакстандын муфтийи Наурызбай ажы Таганулы дагы дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жана Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү.

Таанымал ханафий диниятчы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов капысынан келген илдеттен улам 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта Чубак ажы Жалилов 10-июлда түнкү саат 12 чамасында ооруканага оор абалда келген. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай 11-июлда түнкү саат үчтөрдө көз жумган.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Арабиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

2005--2007-жылдары ал Борбордук Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болгон. Ислам университетинде сабак берген.

2010--2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Өткөн айда дин башкармалыгынын алдындагы аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу тууралуу арыз жазган. Муну айрым талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары баруу ыктымалдыгы менен байланыштырышкан.

Чубак ажы Жалиловдун сөөгү 11-июлда туулган жерине коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG