Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Хабаровскиде миңдеген адам бийликке каршы демонстрацияга чыкты


Хабаровскиде митингге чыккандар. 11-июль, 2020-жыл.
Хабаровскиде митингге чыккандар. 11-июль, 2020-жыл.

Хабаровскиде аймактын губернаторунун камалышына каршылык билдирген миңдеген адамдар президент Владимир Путинге каршы ураандарды чакырып жатышты.

Алар «Падыша жоголсун!», «Путин ууру!»-деп кыйкырып турушту.

Ар кандай эсептер менен 11-апрелде шаардын борбордук аянтына беш миңден 35 миңге чейин адам топтолду.

Митингдер башка шаарларда да өттү.

ЛДПР партиясынын мүчөсү Сергей Фургал 2004-2005-жылдары адам өлтүрүүнү уюштурган, бир нече ишкерди өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 9-июлда камалган. Фургал бул дооматтарды четке кагууда.

ЛДПР партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский анын парламенттеги фракциясынын мүчөлөрү Фургалдын камалышына каршылык билдирүү максатында “мандатын тапшырып берүүгө даяр экенин” билдирди.

10-июлда ЛДПР партиясынын Хабаровск аймагындагы эки депутаты да алдамчылыкка шек саналып камалган.

XS
SM
MD
LG