Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Бир суткада пневмониядан 41, коронавирустан 7 адам көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан жети, пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу 12-июлда Республикалык штабдан маалымдашты.

COVID-19дан Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жаткан 37, 57 жаштагы эки эркек жана 58 жаштагы аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жаткан 57 жаштагы аял, Ат-Башы аймактык ооруканасында жаткан 64 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында жаткан 36 жана 52 жаштагы эки эркек каза болду. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 132 кишиге жетти.

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын 19у Бишкекте, калгандары аймактарда. Март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун жалпы саны 423 адамга жетти.

12-июлга карата дагы 719 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын 500ү Бишкек шаарында, 96сы Чүй облусунда, 37си Ош шаарында, 20сы Ош облусунда, 10у Жалал-Абад облусунда, 34ү Баткен облусунда, 15и Ысык-Көл облусунда, бирөө Нарын облусунда, алтоо Талас облусунда. Коронавирус жалпысынан 10 629 адамдан табылды.

12-июлга карата маалыматка ылайык, бир суткада 151 бейтап ооруканадан чыгарылган. Республика боюнча жалпы 3387 бейтап айыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG