Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Нарында жер силкинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-июль таңкы саат алты жарымда Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо болбогонун билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG