Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

"MegaCom": соцтармактардагы жеке баракчалардын бузулушуна тиешебиз жок


"MegaCom" байланыш оператору социалдык тармактардагы жеке баракчаларды бузуп кирүүгө компаниянын тиешеси жок экенин билдирди. Бул маалымат ишкананын расмий сайтында жарыяланды.

Компания "Интернеттеги шылуундардын социалдык тармактардагы жеке баракчаларды бузуп кирүүсүн "MegaCom" компаниясы менен байланыштырып жаткан маалыматтар жалган" деп билдирди.

“Жалган маалымат тарап жатканына байланыштуу "MegaCom" компаниясы социалдык тармактардын колдонуучуларынын жеке баракча, маалыматтарына ээ болуу үчүн аны бузуп кирип жаткан фактыларга тиешеси жок экенин расмий кабарлайт”, – деп айтылат байланыш оператордун маалыматында.

Ошондой эле "Альфа Телеком" компаниясында абоненттердин социалдык тармактардагы баракчаларынын сыр сөзүнө, логинине, жеке маалыматтарына, кат куржундарына жана башка маалыматтарына ээ болуу мүмкүнчүлүгү жок экенин кабарлайт. "MegaCom" социалдык тармактардын колдонуучуларына жеке баракчаларына кирүү коопсуздугун күчөтүүнү сунуш кылды.

Буга чейин бийликти сындап жазган Интернет колдонуучулар социалдык тармактардагы жеке баракчаларын бузуп кирүүгө аракет болуп жатканын жазып чыгышкан.

"MegaCom" деп аталган бренд менен чыккан "Альфа Телеком" компаниясы мамлекетке таандык ишкана. (TSh)

XS
SM
MD
LG