Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

“Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси Гайша Ибрагимова көз жумду


Гайша Ибрагимова
Гайша Ибрагимова

Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси, билим берүү министринин мурдагы орун басары Гайша Ибрагимова 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.

Гайша Ибрагимова пневмония болуп, бир нече күн мурун ооруканага жаткырылган.

Гайша Ибрагимова Кыргызстандын билим берүү тармагында бир топ долбоорлорду ишке ашырып, агартуу тармагына зор салымын кошту. Ибрагимова эгемен Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке менчик билим берүү мекемесин түптөп, балдарды заманбап технологиялар менен окута баштаган. Ал Билим берүү мекемелеринин бирикмесин жетектеген.

Гайша Ибрагимова 1951-жылы 25-ноябрда Орусиянын Красноярск аймагындагы Дудинка шаарында туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, 1975-жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келди. Ибрагимова Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги. 2004-2005-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген.

Өмүрүн билим берүүгө арнаган Ибрагимова Кыргызстанда президентикке эң алгачкы аял талапкер болгон. Ал 2005-жылкы жана 2011-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон. 2005-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы Ибрагимованы талапкерлердин тизмесине каттоодон баш тарткан.

Гайша Ибрагимованын уулу Шамил Ибрагимов «Сорос-Кыргызстан» фондун жетектейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG