Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Хабаровск: губернаторду колдогон эл кайрадан митингге чыкты


Хабаровск шаарындагы нааразылык акциясына чыккандар.
Хабаровск шаарындагы нааразылык акциясына чыккандар.

Орусиянын Хабаровск шаарында аталган аймактын губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы нааразылык акциясы 12-июлда да уланып жатат.

Жекшембиде акциянын катышуучулары Ленин борбордук аянтында чогулуп, жүрүш жасашты. “Интерфакс” маалымат агенттиги көчөдөгү айдоочулар акцияны колдоо максатында жапырт сигнал басып жатканын кабарлады.

Шаарда полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Адамдардын кармалганы тууралуу азырынча маалымат жок. Аймактын бийлиги элге кайрылып, нааразылык акциясына катышпоону суранды.

"МБХ-медиа” интернет басылмасына активист Глеб Марьясов башында болжол менен миңден ашык киши чыгып, акцияга кошулгандар көп болуп жатканын маалымдады.

Губернатор Сергей Фургалдын камалышына каршы ири нааразылык акциясы 11-июлда да өткөн. Анда ага ар кандай эсеп менен беш миңден 35 миңге чейинки сандагы киши катышкан. Ушундай эле акциялар Комсомольск-на-Амуре, Эльбан, Солнечный жана башка шаарларда да уюштурулду. Бул - Орусиянын Ыраакы Чыгыш чөлкөмүндөгү соңку бир нече жылдан бери өткөн биринчи ири нааразылык иш-чарасы.

ЛДПР партиясынын мүчөсү Сергей Фургал 2004-2005-жылдары "адам өлтүрүүнү уюштурган", "бир нече ишкерди өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен 9-июлда камалган. Фургал бул дооматтарды четке кагууда.

ЛДПР партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский анын парламенттеги фракциясынын мүчөлөрү Фургалдын камалышына каршылык билдирүү максатында “мандатын тапшырып берүүгө даяр экенин” билдирди.

10-июлда ЛДПР партиясынын Хабаровск аймагындагы эки депутаты да алдамчылыкка шек саналып камалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG