Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Коронавируска дүйнөдө 12 жарым миллиондон көп киши кабылды


АКШ президенти Доналд Трамп аскердик госпиталга беткап кийип барды
АКШ президенти Доналд Трамп аскердик госпиталга беткап кийип барды

Жекшембидеги маалыматка ылайык, дүйнөдө Covid-19га кабылган 12 жарым миллион киши катталды, жарымынан бир аз көбү айыкты, 560 миңдей бейтап оорудан көз жумду.

11-июлда аскердик госпиталга барып кеткен Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп биринчи жолу коомчулукта беткап тагынып жүрдү. Буга чейин президент Ак Үйдөгү расмий жолугушууларда, башка иш-чаралар маалында маска кийбегендиги үчүн катуу сынга кабылып келген эле.

АКШда коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп кээ бир жерлерде ооруканалар толуп калды. Өлкө инфекциялангандар жана илдеттен өлгөндөр боюнча дүйнөдө биринчи орунда келатат. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, айрым штаттарда вирусту жугузуп алгандардын саны тездик менен өсүп жатат. Акыркы жумада күнүнө 60 миңдин айланасында жаңы инфекциялангандар катталып турду. АКШда вирус менен катталгандардын жалпы саны 3 миллион 29 миң болду, 137 миң бейтап илдеттин айынан дүйнө менен кош айтышты.

Венгрия коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында чек араларында кайрадан чектөөлөрдү киргизип жатат. Май айында өлкөдө карантиндик айрым чектөөлөр жоюла баштап, Европа биримдигинин жана башка коңшу мамлекеттерден келген саякатчылар үчүн чек аралар ачылган. 12-июлга карай коронавирус 4 234 кишиде аныкталып, илдеттен 595 киши көз жумду. Жекшембиде 5 жаңы учур катталды. Бирок премьер-министр Виктор Орбандын кеңсе жетекчиси жаңы карантинге жеткирбеш үчүн чет жактан келгендерди жана чет өлкөлөргө чыккан венгер жарандарын көзөмөлдөп туруу керектигин билдирди.

Ал тапта Хорватия 13-июлдан баштап дүкөндөрдө беткап тагынып жүрүү эрежесин киргизип жатат. Ал жерде вирусту жугузуп алгандар кескин көбөйүп кетти.

XS
SM
MD
LG