Азербайжан жана Армения чек арада ок атышпоо шартын бузгандыгы үчүн бири-бирин айыптап жатышат. Азербайжандын Коргоо министрлиги армениялык күчтөр чабуул койгондо эки аскери окко учканын, бешөө жарадар болгонун 12-июлда билдирди. Министрлик Тавуш чөлкөмүндөгү чабуулга азери жоокерлер жооп кайтарганын кошумчалады.
Ал тапта Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Бакуну армян позицияларын ээлеп алуу максатында артиллерия пайдаланды деп айыптады. Степанян "Фейсбуктагы" постунда “чабуулдун мизи кайтарылганын, каршы тарап жоготууларга учураганын, армян тараптан эч ким жабыркабаганын” жазды.
Эки кошуна ондогон жылдан бери Азербайжандын жикчил Тоолуу Карабак аймагы айынан тутанган жаңжалды жөнгө сала албай келатышат.
Ереван колдогон жикчилдер негизинен армяндар жашаган аймакты 1990-жылдардын башында өз көзөмөлүнө алышкан. Урушта 30 миңден ашуун киши өлгөн. Жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү аракеттеринен майнап чыкпай келатат.