Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Рим папасы Ыйык Софиянын мечитке айландырылышына кабатырлыгын билдирди


Айя София музейи.
Айя София музейи.

Рим папасы Франциск бул тууралуу Ватиканда жекшембидеги сыйынуу учурунда билдирди. Ал Түркия сотунун Стамбулдагы Ыйык София соборун музей макамынан ажыратып, мечитке айландыруу чечимин оор кабыл алганын жарыялады. "Мен Стамбул тууралуу, Ыйык София тууралуу ойлонуп, тынчсызданып жатам", – деди Франциск.

Түркиянын Мамлекеттик кеңеши 10-июлда Стамбулдагы атактуу Айя-София музейи мечит катары элге ачыларын чечим кылган. Бул мечиттеги алгачкы намаз 24-июлда окулат.

100дөн ашуун өлкөдөгү 350 чиркөөнүн башын бириктирген Дүйнөлүк чиркөө кеңеши бул чечимды сындап, түрк президенти Режеп Эрдоганды аны карап чыгууга чакырды. Константинополь партриархы Варфоломей I да чечимге кабатырлыгын билдирди. Орусиянын патриархы Кирилл да собордун музей макамын сактап калууга үндөдү.

Дээрлик 1,5 миң жыл мурда тургузулган Айя София узак жылдар бою христиандардын храмы болуп турган. Осмон түрктөрү Константинополду басып алгандан кийин 1453-жылы мечитке айландырылган.

Ыйык Софияга музей макамы 20-кылымдын биринчи жарымында, Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан берилген. 1985-жылы Ыйык София ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастар китебине киргизилген.

Режэп Эрдоган Айя София мусулмандар үчүн да, христиандар үчүн да ачык болорун айтууда.

XS
SM
MD
LG