Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Жети-Өгүздө жана Лейлекте жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде эки облуста жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлда саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жердин титиреши Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында үч балл, Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилди.

13-июлда саат 01:05те Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкиниши Лейлек районунун Алга, Жеңиш, Ак-Суу айылдарында эки баллга чейин сезилди.

Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG