Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 15, пневмониядан 29 бейтап каза болду. Бул тууралуу 13-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 56, 56, 46 жаштагы үч эркек жана 60 жаштагы бир аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 70 жана 71 жаштагы эки аял, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 61 жаштагы эркек, Ат-Башы аймактык ооруканасында 55 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 69, 67 жаштагы эки эркек жана 83, 50, 61 жаштагы үч аял, Кадамжай аймактык ооруканасында 77 жаштагы эркек жана Лейлек аймактык ооруканасында 75 жаштагы эркек бейтап.
Пневмония болгон 29 адамдын 13ү облустарда, 16сы Бишкекте.
Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз 488 адамга коюлду, дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.
Коронавирус жалпысынан 11117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти.
Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок, каза болгондордун саны 452 адамга жетти.
Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустун статистикасын өз-өзүнчө карап келатат. (RK)