Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Польшада президент Дуда экинчи мөөнөткө шайланды


Польшанын президенти Анджей Дуда. 12-июль, 2020-жыл.
Польшанын президенти Анджей Дуда. 12-июль, 2020-жыл.

Польшанын Улуттук шайлоо комиссиясы 13-июлда билдиргендей, консервативдүү деп саналган президент Анджей Дуда добуштардын 51,2% топтоп, жеңүүчү аталды.

Баш калаа Варшаванын мэри, либерал Рафал Тшасковскийге шайлоочулардын 48,79% добуш берди.

Комиссия шайлоого катышкандардын саны адаттагыдан көп болуп, 68.12 пайызды түзгөнүн билдирди.

Добуш берүү санитардык эрежелер көзөмөлдөнгөн шартта өттү.

Байкоочулар Дуданын кайра шайланышы бийликтеги «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын талаштуу сот реформаларын бекемдегенге жол ачышы мүмкүн экенин айтышууда. Евробиримдик партиянын бул аракеттерин сынга алып келет. Үгүт кампаниясы маалында Тшасковский сот реформаларын жокко чыгарарын айтып, бул демократияга шек келтирерин баса белгилеген.

Дуда шайлоо өнөктүгү маалында ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн да сынга алган.

48 жаштагы Анджей Дуда Польшаны беш жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG