Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Боронов: Дарыгердин жетишсиздиги курч маселе болууда

Кубатбек Боронов "Семетей" обсерваторунда.
Кубатбек Боронов "Семетей" обсерваторунда.

Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздиги курч маселе болууда. Бул тууралуу 13-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациялык жайындагы абал менен таанышканы барганда айтты.

Өкмөт башчы бейтаптар коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө жөндөмдүү тажрыйбалуу дарыгерлердин жардамына муктаж болуп жатканын белгилеп, жакында ачылган күндүзгү стационарлар ишти бир топ жеңилдеткенин кошумчалады:

“Ал жактан Бишкек шаарынын тургундарына зарыл болгон биринчи медициналык жардам алууга шарт түзүлдү. Ошол эле учурда илдеттин кесепетинен жарандардын каза болушу тынчсыздандырууда. Азыр дарыгерлердин жетишсиздиги курч болуп турат. Биз эмгек өргүүсүндөгү бардык дарыгерлерди ишке чыгууга чакырып жатабыз жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартуудабыз”.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүнкү күндө "Манас" аэропортунун жанындагы «Семетей» обсерваторунда 1310 орундун 600үндө бейтаптар жатат. Ал жерде Улуттук госпиталдан, Онкология жана гематология улуттук борборунан, Чүй облустук бириктирилген ооруканасынан жана Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан 170 медицина кызматкери ишке тартылган.

13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1781 медицина кызматкерине жукту, алардын 560ы айыгып чыкты, бешөө каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG