Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Таймырда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Авиациялык керосин жайылган аймак. Таймыр жарым аралы. 13-июль, 2020-жыл.
Авиациялык керосин жайылган аймак. Таймыр жарым аралы. 13-июль, 2020-жыл.

«Норникель» ишканасынан 45 тоннадай кара май жер кыртышына жайылып кеткенине байланыштуу Орусиянын Таймыр жарым аралында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бийлик кырдаалды жөнгө салганын, мындан ары кара майдын жайылуу коркунучу жок экенин билдирди.

12-июлда Тухард айылында "Норильсктрансгаз" компаниясынын трубасы жарылып, 45 тоннадай авиациялык керосин жер кыртышына сиңип, жакынкы көлмөгө куюлуп кеткен.

Тергөө комитети табиятты коргоо эрежелери бузулганы үчүн кылмыш ишин козгоду.

Май айында ушул эле «Норникель» ишканасына караштуу Жылуулук электр борборунда авария болуп, жер кыртышына 20 миң тоннадай күйүүчү май сиңип кеткен. Анда күйүүчү май жакынкы дарыяларга жана Пясино көлүнө да куюлган.

Экологдордун айтымында ал авариянын кесепттерин жоюга бир нече жыл сарпталат.

XS
SM
MD
LG