Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Президент менен премьер-министр эпидемиологиялык кырдаалды онлайн талкуулады


Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жаткан учуру. 13-июль, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жаткан учуру. 13-июль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчысы коронавирус инфекциясынын мындан ары шаарлардын, облустардын жана райондордун аймагына жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал негизги эки көйгөй катары дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады.

Кубатбек Боронов соңку күндөрдө эл көп колдонгон бир катар дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын партиясы өлкөгө келгенин, дагы алып келүү боюнча маселе чет өлкөлөр менен сүйлөшүлүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңсыктыгы жарандардын нааразычылыктарын жаратып жатканын белгиледи.

«Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштөө кажет, калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы керек»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 15, пневмониядан 29 бейтап каза болду. Коронавирус деген диагноз 488 адамга коюлду, дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

13-июлга карата коронавирус жалпысынан 11117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти. (ErN)

XS
SM
MD
LG