Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:51

Мурдагы министр Эрлан Абдылдаев Германияга элчи болуп дайындалды


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 13-июлда кабарлады.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Эринес Оторбаев бул кызматтан бошотулду.

Эрлан Абдылдаев 54 жашта. Ал Тышкы иштер министрлигин 2012-жылдан бери жетектеп, кызматтан 2018-жылы өз каалоосу менен кеткен.

Андан мурдараак Түштүк Кореядагы мурдагы элчи Кылычбек Султан элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов иштен алынып, Абдылдаев өз арызы менен кызматтан кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG