Армения өкмөтү коронавирус кризисине байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режимин дагы бир айга узартты. Ушуну менен өзгөчө абал марттан бери төртүнчү ирет узартылды.
Бул кырдаал бийликке калкты коомдук жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирүүгө жана башка чараларга барууга жол берет.
Калкы үч миллиондун тегерегиндеги Арменияда коронавируска 32 миң адам кабылган. Алардын 570ден көбү каза тапты.
Бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири.
Арменияда карантин алынгандан кийин коронавирус кескин жайылып кеткен.